Ссылки доступа

Орусия Сирияга зениттик-ракеталык жабдыктарды жөнөттү


Орусиянын аскердик-космос күчтөрүнүн башкы командачысы Виктор Бондарев “Комсомольская правда” гезитине берген маегинде, Сирияга артиллерия жиберилгенин ырастады.

Анын айтуусунда, зениттик-ракеталык каражаттар Сирияда операция жүргүзүп жаткан орусиялык аба күчтөрүнүн коопсуздугу жана аларга туулган коркунучтардын алдын алуу үчүн пайдаланылат.

4-ноябрда АКШнын Мамлекеттик департаментинин жогорку даражалуу кызматкери Виктория Нуланд, Орусия ХомсжанаХамашаарларына жакын жерге артиллериясын жайгаштырганын, Сириянын куралдуу күчтөрүнүн козголоңчуларга каршы чабуулун колдоо максатында, аскерлеринин санын дагы көбөйтүп жатканын айтып чыккан.

Орусия быйылкы жылдын 30-сентябрынан тартып Сирияда аскердик операция жүргүзүүдө. Расмий маалыматтар боюнча, күн сайын орто эсеп менен 50-60 жолу абадан сокку уруп жатат.

Кремль бул чабуулдар Орусияда тыюу салынган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун өкүлдөрүнө багытталганын билдирип келет.

Сириялык оппозиция менен Батыш мамлекеттери болсо Орусия Башар Асаддын бийлигине каршы чыккан көтөрүлүшчүлөргө сокку уруп жатканын белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG