Ссылки доступа

Өзбекстандын Улуттук гвардиясы толук аскердик даярдыкта


3-ноябрда Өзбекстандын Коргоо министрлигининТашкент гарнизонунун өздүк курамытолук бойдон аскердик даярдыкка келтирилди.

Укук органдарындагы булактардын маалыматына таянсак, аскерлер жана укук коргоо органдары, Улуттук коопсуздук кызматынын офицерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

“18 сааттан бериүйгө кетпей үзгүлтүксүз иштеп жатабыз. Өздүк курамга мобилдик телефондорду колдонууга тыюу салынды”, - дешет булактар.

Өзгөчө кырдаалга өтүү себептери айтыла элек, бирок өткөн жумада өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматы Сирия, Ирак жана Ооганстандан качып чыккан согушкерлер Өзбекстандан башпаанек табууга аракеттенип жатат деген маалыматты жарыялаган.

Азырынча өзбек атайын кызматы өлкөгө канча согушкер кирүүгө аракет жасап жатканын ачыктай элек.

XS
SM
MD
LG