Ссылки доступа

Кыргызстандык Айша Атабаева 130 жашка толду


Ош облусунун Кара-Суу районунун эң улуу жашоочусу Айша Атабаева Папан айыл өкөмөтүнүн Тогуз-Булак айылында жашайт. Ал 1885-жылы Алай районунун Правда айылында туулган.

1905-жылы Кара-Суунун Тогуз-Булак айылына турмушка чыккан. 130 жаштык өмүрүндө 6 балалуу болгон. Учурда 4 баласы, 32 небереси, 47 чөбөрөсү бар. Акимчилик өкүлдөрүнүн айтуусунда, Айша Атабаеванын угуусу, көрүүсү жакшы. Өзү басат.

Кара-Суу районунда 100 жаштан өткөн 10 чакты карыя бар. “Кайрымдуулук айы” деп жарыяланган бир айлыкта алардын баарына жергиликтүү бийлик каржылык көмөк көрсөттү.

XS
SM
MD
LG