Ссылки доступа

Вашингтон Орусиянын А-321 учагы теракттан кыйраганын божомолдоодо


Учакта жардыруу болушу ыктымалдыгын Ак үйдүн басма сөз катчысы ЖошЭрнест билдирди. Анын айтуусунда, АКШ тарап азырынча учактын кулап түшкөнү боюнча так чечимге келе элек. Ошол эле маалда теракттын болгонун жокко чыгарбайт.

Буга чейин Си-Эн-Энтелеканалы Америкалык чалгын кызматындагы булактарга таянуу менен, кыйраган учакка бомба коюлган болушу мүмкүн экенин кабарлаган. 4-ноябрда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун Мисирдеги бөлүмү учактын кыйрашына байланыштуу жопкерчиликти өз моюнуна алган.

Орус жана Мисир бийликтериболсо авиакырсык боюнча иликтөөдөн кийингана жыйынтык чыгарууга боло турганын айтууда.

«Когалымавиа»компаниясына таандык учак Мисирдин Шарм-эль-Шейх шаарынан Петербургду көздөй баратканда, Синай жарым аралына 31-октябрда кулап түшкөн. Анын ичиндеги 224 адамдын баары набыт болду.

XS
SM
MD
LG