Ссылки доступа

Тажикстан адвокаттардын ишмердигине чектөө киргизди


Тажик парламенти адвокатура тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырды. Ага ылайык, эми адвокаттар ишке киришээрден мурда жана ар бир беш жылда юстиция министрлигинин атайын текшерүүсүнөн өтүүгө милдеттүү.

Өлкөнүн юстиция министри Рустами Шохмурод,мындан ары адвокаттар сотто туугандарынын укуктарын коргой албай турганын да билдирди. Ал эми мурун соттолгондор, кош жарандыгы барлар адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенбей турган болду.

Бир катар актоочулар мыйзам алардын эркиндигин жана ишмердигин чектеп койгонун белгилешүудө.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Тажикстанда сонку 2 жылда чуулгандуу иштер менен алектенген төрт адвокат камакка алынганын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG