Ссылки доступа

Түркия “Ислам мамлекетине” каршы операция баштоодо


Жакынкы күндөрү Түркия “Ислам мамлекетине” каршы операцияны баштаганы турат. Бул маалыматты Түркиянын Тышкы иштер министри Феридун Синирлиоглуга таянуу менен Daily Sabah басылмасы жазып чыкты.

“ИМ” биздин жашоого жана коопсуздуккакооптонуу жаратууда. Бизде аскерлердаяр. Баарыбыз ушул коркунучка каршы турушубуз керек”, - дейт министр.

28-октябрда Туркиянын прокуратурасы Анкарада болгон кош терактты “ИМ”дин Сирия менен чектеш Газиантеп шаарынын согушкерлери ишке ашырганы тууралуу далилдер бар экенин айтып чыккан.Терактта расмий маалымат боюнча 102 адам курман болгон.

Ошондой эле тергөөчүлөр 5-июнда Суруч шаарындагы 27 киши жана Диярбакыр шаарындагы 4 адамдын өмүрүн алган жардыруулар үчүн жоопкерчиликти да өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топко жүктөөдө.

XS
SM
MD
LG