Ссылки доступа

Атамбаев 2017-жылы кыргыз эли татыктуу өлкө башчысын тандап алат деп ишенет


Мындай оюн президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кенештин кесексиз жыйында билдирди.

Анын айтымында, өткөн парламенттик шайлоодо партиялар эбегейсиз көп акча коротушкан. “Келе жаткан президенттик шайлоодо да ошондой кырдаал болот, чириген байлардын баары өлкө башкарууга умтулушат. Биздин эл ишенчээк. Өлкө башчысына Максим Бакиев сыяктуу, өлкөнү “комок”, элдерди “кой” деп эсептеген адам келбесе эле болду. Эл татыктуу президентти шайлашы керек”, - деди Атамбаев.

Анын айтымында, шайлоодо акчаны чачкан адамдар кайрадан байлыгын чогултуу аракетин көрүшөт. “Мындай адамдар элди тоноодон баш тартпайт. Буга жол бербөө керек”, - деди Атамбаев.

XS
SM
MD
LG