Ссылки доступа

Украинада мурдагы юстиция министри кармалды


Украиндик атайын кызматтын билдирүүсүндө, мурдагы юстиция министри Алена Лукаш 2014-жылдагы каршылык акцияларындагы ок атууларга байланышкан иликтөөнүн алкагында кармалды.

Ал кездеги окуялар мурдагы президент Виктор Януковичтин тактан оодарылышы менен аяктаганы белгилүү.

Өткөн жылдын 18-20-февралында Майдандагы көтөрүлүш учурунда жүздөн ашык адам көзгө атаарлардын огунан көз жумган. Тергөөдө бул кылмышка катышы бар адамдарды аныктоого мүмкүн боло элек.

5-ноябрда Украинанын коопсуздук кызматынын өкүлү, кандуу окуялар учурунда юстиция министрлигин жетектеп турган Алена Лукашка расмий айып тагуу маселеси жакын арада сотто чечиле турганын маалымдады.

Атайын кызматтын өкүлү журналисттерге маалымат берип жатып, Лукаш тартылган видеотасманы да көрсөттү. Анда мурдагы министр сурак берүү үчүн прокуратурага баратканын жана өзүнө эч кандай кысым көрсөтүү болбогонун айткан.

XS
SM
MD
LG