Ссылки доступа

Британ басма сөзү Назарбаевди мактап да, сындап да жатат


Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Лондонго сапары британ маалымат каражаттарында талкууланууда.

Таасирлүү «Financial Times» басылмасы «Каатчылыктын соккусуна кабылган Казакстан менчиктештирүү боюнча планын тааныштырууда» деген макаланы жарыяласа, «Guardian» гезити бул мамлекеттеги адам укуктарынын корголушу боюнча абалды сынга алды. «Улуу Британияда казак лидерин кучак жайып тосуп алуунун кажети жок» деп жазды аталган басылма.

Бул макалада британ бизнеси Казакстан менен тыгыз байланыштан пайда табышы мүмкүн экени,бирок мындай алакалар жакырчылыктын жана репрессиянын көбөйүшүнө көмөктөшүп,диктатураны бекемдей турганы баяндалган.

Нурсултан Назарбаевди чоң сый-урмат менен тосуп алганы үчүн жада калса каныша Елизавета Экинчи жана Эдинбург,Йорк герцогдорун да британиялык «Express» гезити сындап жазды.Анда негизинен Назарбаевдин бийлигине карата диктатор деген айыптоолор айтылган.

XS
SM
MD
LG