Ссылки доступа

Кыргызстандагы түрмөлөрдө "кызылдар" "каралардан" бөлүнөт


Өлкөнүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы мындан ары оор кылмыш менен эркинен ажыратылгандарды башка,укук коргоо органдарынын мурдагы кызматкерлерин өзүнчөабакка бөлүүнү көздөөдө.

Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №27 абактын жетекчиси Өмүрбек Кадыралиевдин айтуусунда, мындан арымурда милиция же башка күч органдарында иштеп жүрүп, кылмыш кылганы үчүн соттолгондор өзүнчө имаратта жазасын өтөп, башка кылмышкерлер менен аралашпайт.

- Атайын бир имаратты өзүнчө кайтарабыз. Бул жак “кызыл” аймак деп аталат.Биз алардын коопсуздугун ойлоп жатабыз. Себеби милиция кызматкери түрмөгө түшүп калса, ал жакта жылуу кабыл алынбайт, ар кандай шылдыңга туш болгон учурлар бар. Ошондуктар “каралар” менен “кызылдарды” бөлүп жатабыз. №27 абак буга чейин кургак учуктан жабыркаган кылмышкерлер үчүн оорукана болчу. Эми оорукана №31 мекемеге көчүрүлүп, бул жер толугу менен түрмөгө айланмакчы.

Өмүрбек Кадыралиев кошумчалагандай,№27 абакка ушул жылдын аягына чейин мурдагы укук коргоо органдарынын кызматкерлери жаза өтөө үчүн алып келине баштайт. Бул абакта оор кылмыш кылгандар дагы өзүнчө кармала турган болууда.

XS
SM
MD
LG