Ссылки доступа

Дүйшөмбүдө аскер комиссариатынын кызматкерлери киши колдуу болду


Кол салуудан аскер комиссариатынын эки кызматкери каза таап, дагы экөө жаракат алды.

Дүйшөмбү шаарынын Дехоти көчөсүндө 7-ноябрда эртең менен белгисиз адамдар Сино районунун аскер комиссариатынын кызматкерлери – ага лейтенант Темурхан Эгембердиев, майор Пулод Мирзоев, прапорщик Хамза Насибов жана айдоочу Рустам Садуллоев менен жаңжалдашып, натыйжада аларды бычак менен сайып качып кетишкен.

Тажик ички иштер министрлиги билдиргендей, алган жаракатынан улам Мирзоев окуя болгон жерде жан берген. Калгандары ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк Насибов аттуу кызматкер да бейтапканада өзүнө келбей көз жумган. Азыр кылмышкерлерди табуу боюнча ыкчам-иликтөө чаралары жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG