Ссылки доступа

Киев жана жикчилдер элдешүү келишимин бузду деп бири-бирин айыпташууда


Киев Украинанын чыгышындагы кырдаал үчүн өздөрүн Донецк жана Луганск «элдик республикалары» деп жарыялап алган жикчилдерди айыптады.

Өкмөттүк аскерлердин маалыматы боюнча, ишемби күнү кечинде Украинанын чыгышында кырдаал кайра курчуду. Жикчилдер бир нече калктуу пункттарга карай гранатометтон ок чыгарышкан. Азырынча жарадар болгондор жана каза тапкандар тууралуу маалымат жок.

Расмий Киевдин кабарлоосунда, 18-октябрдан 6-ноябрга чейин жикчилдер тынчтык келишимин 26 жолу бузуп, 350дөн ашык ок атышкан.

Донбасстагы ок атышууну токтотуу келишимин көзөмөлдөө боюнча биргелешкен борбордун кызматкерлери бул ок атуулар аймактагы кырдаалды туруксуз кылуу жана куралдардын чыгарылып кетүүсүнө тоскоол болуу максатын көздөйт деп баалап жатышат.

Ал эми жикчил тарап болсо, украин армиясы акыркы суткада алты жолу "Донецк элдик республикасы" тарапка ок чыгарды деген маалымат таратты.Алардын билдирүүсүндө, Спартак жана Зайцево аймактары украин армиясынын соккусуна кабылган. Бул жакта да жарадар болгондор жана мерт кеткендер тууралуу маалымат түшпөдү.

XS
SM
MD
LG