Ссылки доступа

Дүйнөлүк банк: Глобалдык жылуулук миллиондогон адамдардын жакырланышына кептейт


Дүйнөлүк банктын маалыматына таянсак, чукул чаралар көрүлбөсө, глобалдык ысык аба ырайынан жүз миллиондон ашуун адам жакыр жашоого кабылышы ыктымал.

8-ноябрда жарыяланган баяндамада, бул адамдарга климаттын өзгөрүшүнөн келип чыккан кургакчылык, ысык аба ырайы жана суу ташкындары азыр эле терс таасир этип жатканы айтылат.

Ошондой эле булардын көйгөйүн чечүү боюнча токтоосуз чаралар көрүлбөсө 2030-жылга карата миллиондогон адам кедей жашоодо күн кечире турганы эске салынган.

Ушул жылдын 30-ноябрынан 11-декабрына чейин Парижде климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча БУУнун жыйыны өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG