Ссылки доступа

Казакстанда мамлекеттик органдардын ишин коомдук кеңештер көзөмөлдөйт


Казак мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев “Коомдук кеңештер” тууралуу мыйзамга кол койду. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам долбоору октябрдын орто ченинде парламент тарабынан кабыл алынган.

Документте коомдук кеңештер маанилүү маселелер боюнча жарандык коомдун пикирлерин бийликке жеткире турган көпүрө катары кызмат өтөй турганы белгиленген. Алардын тигил же бул маселе боюнча берген баасы мамлекеттик мекемелердин дараметин, ишин аныктоодо пайдаланылат. Ал эми мамлекеттик органдар коомдук кеңештердин сунуштарын эске алууга милдеттүү.

Коомдук кеңешти мамлекеттик кызматта иштебеген, белдүү коомдук ишмер жетектейт. Ошондой эле коомдук кеңештер республикалык жана жергиликтүү болуп бөлүнөт.

Бул маселе камтылган мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда, айрым укук коргоочулар тарабынан коомдук кеңештер мамлекеттик органдардын эле бир түрүнө айланып калышы ыктымал деген нааразылыктар да айтылды.

XS
SM
MD
LG