Ссылки доступа

Орусиянын аскерлери менен техникалары Сириядагы базадан тышкаркы аймакта жүргөнүайтылууда


“Conflict Intelligence Team” тобунунблогерлери, курч кырдаал орногон Латакия жана Тартус шаарларынан 100 километр аралыкта орусиялык жоокерлер менен техникалар тартылган сүрөттөрдү жарыялады.

Активисттер Орусиянын 74-мотоаткычтар бригадасынын аскеринин Интернеттеги сүрөттөрүн иликтеп чыгышкан. Анын Сирияда тартылганын аскер кызматкери өзү көрсөткөн. Натыйжада активисттержоокер КАМАЗ унаасы менен Хама шаарында бара жатканын айтышып, бул калаа Хмеймим жана Латакия аба базаларынан 100 километр алыстыкта жайгашкан деген тыянакка келишкен.

810-деңиз аскерлер тобунун жоокери Владимир Болдырев тарабынан жарыяланышы мүмкүн делген дагы бир сүрөт аркылуу активисттер,анын Дамаск жана Алеппо шаарларын туташтырган жолдун жанында тартылганын жоромолдошууда.

Мындан тышкары Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын жоокери Илья Горелыхтын сүрөттөрү Алеппо менен Хомс шаарынан Instagram түйүнүнө илингени божомолдонуп жатат.

Блогерлердин баамында, орус аскерлери Сириянын өкмөттүк күчтөрү менен козголоңчулар салгылашып жаткан аймактарга жакын жерлерде байкалууда.

Орусия Сириядагы аскердик операцияларын 30-сентябрда баштаган. Кремль өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топко каршы абадан сокку уруп жатканын, жерде операция жүргүзүү ниети жок экенин билдирген.Ошол эле маалда Сириянын бийлигине курал-жарактан жардам көрсөтүп, кеңеш бере турганын айткан.

Сириянын оппозициясы менен Батыш мамлекеттери болсо, Орусия Башар Асаддын бийлигине каршы чыккан көтөрүлүшчүлөргө чабуул жасап жатканын кайталашууда.

XS
SM
MD
LG