Ссылки доступа

Кыргызстанда соода-сатык көлөмү азайууда


Экономика министрлиги соода тармагындагы абалды талкуулоо үчүн текшерүүчү органдар жана жүк ташуучулар менен талкуу өткөргөнү жатат.

Мындай чечим өткөн аптада Соода-өнөр жай палатасы, Базарлар, тейлөө жана соода ишканаларынын ассоциациясы, "Дордой" базарынын кесиптик кошууну жана "Кудайберген" базарынын жетекчилиги катышкан жыйында кабыл алынды. Анда соңку кезде өлкөдө соода-сатык солгундап, жыл башынан бери дүң соода 2,6%, чекене соода 4,6% кыскарып кеткени айтылды.

Ишкерлердин билдиргенине караганда, абалдын начарлашына бажы чек арасынан өтүү маселеси түрткү болууда. Министрликтин белгилешинче, ишкерлер Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийинки эрежелерге жакшы көнө албай жаткандыктан айрым маселелер жаралууда.

Кыргызстан ЕАЭБге быйыл жайында кошулган. Жергиликтүү өндүрүшчүлөр уюмдун алкагындагы жалпы базар шартында коңшу өлкөлөр арасындагы атаандаштыкка туруштук берүү кыйын болуп жатканын айтышууда.

XS
SM
MD
LG