Ссылки доступа

Орусиялык жөө күлүктөр допинг доосуна кабылды


Орусия жеңил атлетикасында допинг колдонууну иликтөөгө арналган Женевадагы бүгүнкү маалымат жыйынында допингге каршы Москвадагы лабораториянын директору Григорий Родченков 1417 допинг-сыноону атайлап жок кылганы айтылды.

Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин (WADA) комиссиясы бул лабораторияны лицензиядан ажыратууну жана Орусиянын беш жөө күлүгү менен беш машыктыруучусун эл аралык мелдештерге катышуу укугунан өмүр бою ажыратууну сунуштады.

CNN кабарлашынча, муну менен орус жөө күлүктөрү 2016-жылдын августунда Рио-де-Жанейродо өтчү олимп оюндарына катышуусу да күмөндүү болуп калды.

Орусиялык жеңил атлеттерди айыптоо жана анын натыйжасы ФИФА тегерегиндеги эл аралык жаңжалга тете экени айтылууда.

XS
SM
MD
LG