Ссылки доступа

Тажикстанда аялдын өлүмүнө байланыштуу Орусияга нота жолдонду


Тажикстан Орусиянын аскердик базасынын аймагында кыйноодон улам каза тапкан аялдын өлүмүнө калыс баа берүүнү талап кылууда. 10-ноябрда орус элчиси Игорь Лякин-Фроловго тышкы иштер министрлиги нота тапшырды.

«Тажик тарап бул окуяны калыс баалап, орусиялык аскер базаларында жоокерлер тарабынан мындай окуяларга жол бербөө үчүн тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылат»,- деп айтылат анда.

Тажик тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, орус элчиси менен жолугушууда кандуу окуя терең иликтенип, күнөөкөр жоопко тартылышы керектиги айтылды.

Орус аскер базасынын улук лейтенанты Иван Щербаков Дүйшөмбү шаарынын 22 жаштагы тургуну Шоира Жабборованы өлтүргөн деген шек менен 9-ноябрда кармалган. Маркумдун туугандары орусиялык офицер аны кордоп,сөөгүн аскер базасынын жанындагы таштандыга ыргытып жибергенин айтышууда.

XS
SM
MD
LG