Ссылки доступа

МГУнун студенти “ИМ”ге кошулгусу келгенин моюнуна алды


Москва гуманитардык жогорку окуу жайынын студенти Варвара Караулова сотто Орусияда тыюу салынган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулууну көздөгөнүн моюнунаалды.

10-ноябрда Варвара Карауловага расмий айып тагылды. Ишти Москва шаардык соту териштирип, отурумда Караулова АлександрНосков жанаАлександрКарабанов аттуу жактоочулардын кызматынан баш тартты. Алар болсо убактылуу кармалган жайда Карауловага кысым көрсөтүлүп жатышы мүмкүндүгүн билдиришүүдө.

28-октябрда Москванын Лефортов соту Караулованы 23-декабрга чейин камакта кармоо чечимин кабыл алган. Ага2015-жылдын июнь айындаСирияга кетип, “ИМ”ге кошулганга аракеттенген деген күнөө коюлууда.

Караулова май айында дайынсыз кетип, июндун башында 13 кишиден турган топтун арасында түрк-сирия чек арасынан өтүүгө бел байлаган кезде кармалган эле.

XS
SM
MD
LG