Ссылки доступа

АКШ конгресси Украина менен Иракка аскерий жардам жөнөткөнгө макул болду


АКШ конгресси өлкөнүн коргоо багытындагы бюджетинкабыл алды.

Ага ылайык Украинага жикчилдер менен күрөшүүгө 300 миллион долларга чейин аскердик жардам бөлүнүшү мүмкүн. Анын 50 миллиону брондолгон система, гранатомет, миномет, ар кандай курал-жарактарга сарпталат.

Расмий Вашингтондон түшкөн маалыматтар боюнча, президент Барак Обама мындай саясатты колдоп, документке кол кое турганы күтүлүүдө. Буга чейин Американын президентинин акимчилиги Украинаны курал-жарак менен камсыздоо тууралуу чакырыктарды кубаттаган эмес. Бул кадам – Орусияны жолдон адаштырышы мүмкүн деген позицияны карманган.

Конгресс тарабынан бекитилген бюджет тууралуу документке ылайык, өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топко каршы күрөшүү үчүн Иракка да 715 миллион доллар бөлүнмөкчү.

XS
SM
MD
LG