Ссылки доступа

Норвегия сотуVimpelCom холдингинин мурдагы жетекчисин камактан бошотту


​Норвегиянын апелляциялык соту VimpelCom Ltd телекоммуникация холдингинин мурдагы директору Жо Лундерди абактан чыгарды.Бул тууралуу аталган өлкөнүн экономикалык жана экологиялык кылмыштарды иликтөө агенттиги маалымдады.

Лундер Өзбекстандагы коррупциялык келишимдер менен байланышы бар деген шек менен 5-ноябрда Ослодо кармалган.

Тергөөнүн билдирүүсү боюнча, ал Өзбекстанда иш алып баруу үчүнпрезиденттин тун кызы Гүлнара Каримовага таандыкTakiland фирмасына 30 миллион доллар төлөп берген.Лундер өзү бул ишке катышы жоктугун айтууда.

Vimpelcom Ltd компаниясы менен Гүлнара Каримовага таандык Takilant холдингинин ортосундагы келишимдердегикоррупциялык иштер өткөн жылдан бери иликтенип жатат.

Лундер аталган компания башчылыгынан ушул жылдын жаз айларында кеткен. Бул ишкана Орусия, Италия, Канада, Украина, Кавказ, Борбор Азия чөлкөмүндөгү жана айрым Африка мамлекеттериндеги уюлдук операторлордун башында турат.

XS
SM
MD
LG