Ссылки доступа

Орусиялык учактын кыйрашын иликтөөгө америкалык адистер да кошулат


Мисирдин бийлиги А-321 учагынын Синай жарым аралдарында кырсыкка учурашынын чоо-жайын иликтөөгө катышуу боюнча америкалык адистердин өтүнүчүн канааттандырды.

Бул тууралуу Мисирдин тышкы иштер министри Самех Шукри CNN телеканалына билдирди. Анын айтуусунда, А-321 учактарынын кыймылдаткычтарын өндүргөн Pratt&Whitneyкомпаниясынын адистери тууралуу кеп козголууда. Болочокто АКШнын федералдык иликтөө бюросунун өкүлдөрү да изилдөө иштерине катышуусу мүмкүн.

31-октябрда Шарм-эш-Шейхтен Санкт-Петербургга багыт алган орусиялык «Когалымавиа» аба компаниясынын учагы Синай жарым аралдарынын үстүндө кыйрап, анын ичиндеги 224 адамдын өмүрү кыйылган.

Аба кырсыгын иликтегендер учактын кыйрашына бомбанын жарылуусу себеп деген божомолдор менен бөлүшкөн. Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары болсоШарм-эш-Шейх аэропортунда буга чейин коопсуздук эрежелери бузулган учурлар каттталганын, маселен, кол баштыктарды текшерүү учурундагы шалаакылык, пара алуу менен баңгизаттар, куралдарды өткөрүү, көчүрмө жабдыктардын иштебей калганы кезиккенинжазып чыгышты.

XS
SM
MD
LG