Наристенин чарчап калышы боюнча дарыгерлерге карата кесиптик милдеттерин так аткарбоо деген айыптын негизинде кылмыш иши козголгон.
Баланын тагдыры коомдо чоң талкуу жаратууда. “Баарына бирдей укук” тобунун активисттери бейтарап иликтөө жүргүзүү талабы менен бир нече ирет митинг өткөрүштү.
Умарали Назаровдун ата-энеси Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн айыпталган. 13-октябрда орус бийлиги наристени энесинен тартып алышкан, ал бир нече сааттан кийин ооруканада чарчап калган.
11-ноябрда экспертиза баланын өлүмүнө жугуштуу вирус инфекциясы себеп деген бүтүмгө келген.
Анын ата-энеси, Тажикстандын жарандары - Зарина Юнусова менен Рустам Назаров экспертизанын тыянагына ишенбей жатышат. Алар куландан соо баласы бейтапканадан кантип чарчап калганы түшүнүксүз экенин билдиришүүдө.