Ссылки доступа

Өзбекстанда дарыгерлерпахта териминен бошой элек


“Азаттык” үналгысынын өзбек кызматы маалымдагандай, Өзбекстанда дарыгерлер тобу бир нече айдан берипахта терим аяктаса да,жумушка кайтышкан жок. Алардын айтымында, башка кесиптегилер ишке чыкканы менен дарыгерлерди талаадан кетирбей жатышат.

“Кечки кызматтан чыккандарды дагы эртең менен пахта талааларына алып кетүүдө”, - дешет ак халатчандар.

Жергиликтүү булактар кабарлагандай, 23-августтан бери бир эле Хорезм облусунун Жаңы-Арык районунан төрт жүзгө жакын медицина кызматкери талаа жумушуна тартылды.

Хорезм облусунун бийликтери маалымдагандай, көптөгөн райондордо пахта терим аяктаганы калды. Талааларда кээ бир мекемелердин өкүлдөрү гана иштеп жатышат.

Октябрда өкмөт башчысы Шавкат Мирзиёев пахта теримпланы берилген убакыттан эрте толтурулганын жарыялаган.

Өзбек бийлигинин айтымында, өлкөдө быйыл 3 миллион тоннадан ашык ак була жыйналган.

Эл аралык уюмдардын сынына карабай, Өзбекстандамамлекеттик мекемелердин адистерин талаага айдоо өнөкөтү токтобой келүүдө.

XS
SM
MD
LG