Ссылки доступа

Порошенко Украина чыгышында кырдаал курчуганын айтты


Украина президенти Петр Порошенко өлкө чыгышында кырдаал курчуп, мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калуу маселеси коркунучта калганын жар салды.

Бул тууралуу алулуттук коопсуздук жыйынында айтып, Донецк жана Луганск облустарындагы жикчилдер “Минск келишимин” бузуп, "өкмөт күчтөрүнө көө жабуу аракетин көрүп жатканын" эскертти.

Армия өкүлү Андрей Лысенко Донецк шаарынан 50 километр алыстагы Гранитино конушунда шаршемби күнү бир аскер кызматкери мерт кетип, бешөө жарадар болгонун билдирди. Ошондой эле жикчилдер тынчтык келишимин бир күндө 21 жолу бузганын кошумчалады.

Эки жаат жалпысынан сентябрдын башында түзүлгөн ок атышууну токтотуу келишимин сакташууда. Жаңжалдуу аймактагы согуш чегинен оор курал-жарактарды чыгаруу аракеттери да жүргүзүлдү. Украинанын коргоо жана коопсуздук боюнча улуттук Кеңешинин катчысы Александр Турчинов Орусиянын баскынчы күчтөрү тынчтык планына жолтоо болуу үчүн бардык күчүн жумшап жатканын айтып, алар согуштук аракеттерин качан болбосун баштап жибериши мүмкүн деген пикирин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG