Ссылки доступа

Тажик жараны Орусияда “террорчулукту жайылтканы” үчүн соттолду


​Орусиянын Архангел шаардык соту террорчулукту пропагандалаган деген айыптын негизинде 20 жаштагы Шахбоз Азимовду үч жылга эркинен ажыратты.

Архангел облустук прокуратурасы билдиргендей, Азимовдун Интернетте террорчулукка үндөгөн материалдарды жарыялаганы, ачык чакырыктарды таштаганы аныкталды.

Ал дүйнөлүк желеде орусиялык мусулмандарды каапырларга каршы “жихадка” чакырган материалдарды жайгаштырып, аларды Ирак менен Сириядагы согушкерлерге кошулууга үндөгөн.

Милиция Азимов жашап турган үйдөн диний экстремизмге багытталган китепчелер, электрондук жазуулар табылганын билдирүүдө. Эми ал 10 күн ичинде соттун чечиминин үстүнөн жогорку инстанцияларга кайрылууга укуктуу.

XS
SM
MD
LG