Ссылки доступа

Өзбекстанда оппозициялык саясатчы бошотулду


Өзбекстанда оппозициялык маанайдагы саясатчы Мурат Жураев 21 жылдан кийин эркиндикке чыкты.

Аны туугандары менен тосуп алган укук коргоочу, «Эзгулик» уюмунун башчысы Васила Иноятованын айтымында, Чирчике абагынан бошотулган Жураев Кашка-Дарыя облусундагы үйүнө кетти.

Расмий маалымат боюнча Жураевдин камактагы мөөнөтү аяктаган.Анткен мененВасила Иноятова оппозиционер эл аралык укук коргоо уюмдарынын жана АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин кийлигишүүсү менен боштондук алганын билдирди.

Мурат Жураев бийликти басып алууга аракеттенди деген жүйөө менен1994-жылы камалган.Бийлик өкүлдөрү абакэрежесин бузган деген негизде анын мөөнөтүн 4 жолу узартышкан.

XS
SM
MD
LG