Ссылки доступа

Түркмөнстан менен Кытай ири газ куур долбоорун талкуулайт


Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердимухамедов бейшембиде Кытайга барды.

Сапар учурунда эки өлкөнү туташтыра турган газ кууру тууралуу сөз болот. Түркмөнстан-Кытай кууруна Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан аркылуу өтчү 3 газ түтүктөрү камтылмакчы.

Түркмөн маалымат каражаттары аны “21-кылымдын эбегейсиз долбоору” деп аташууда. Кытай түркмөн газын сатып алуучу ири потенациалдуу кардар болуп эсептелет.

Ошол эле маалда 7-ноябрда Бердимухамедов мамлекеттик ишканаларга Ооганстан жана Пакистан аймактарын аралап Индияга чейин жаткырыла турган TAPI деп аталган куурдун курулушун баштоо буйругун берген.

XS
SM
MD
LG