Ссылки доступа

Кыргызстандын мектептеринде “Балдарга окуп бергиле” аттуу социалдык долбоор ишке ашырылууда


Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына таянсак, долбоордун максаты – балдардын китеп окууга болгон кызыгуусун ойготууга багытталган.

Ошондой эле кат-сабат, билимдин жаш муундун болочогу үчүн мааниси чоң экенин түшүнгөн ата-энелердин башын бириктирүү максат кылынууда.

10-ноябрдан 20-майга чейин кенже класстагы окуучулардын ата-энелер, жакын туугандары мектептерде балдар менен 15 мүнөттүк жолугушууларга катышып, көркөм чыгармалардан үзүндүокуп беришсе болот.

Муну менен алар балдардын билим алууга болгон кызыгуусун арттырууга көмөктөшөт.

XS
SM
MD
LG