Ссылки доступа

КМШ өлкөлөрү Ооганстан менен чектеш жерлерде коопсуздукту күчөтүшөт


КМШ өлкөлөрүнүн чек ара аскерлеринин башкаруу кеңешинин координациялык кызматынын башчысы Александр Маниловдун айтымында,Ооганстан менен чектеш жерлерде коопсуздук күчөтүлүп жатат. Бул тууралуу “Интерфакс” булагы кабарлады.

Маалыматка караганда, Тажикстанда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына караштуу чек ара кызматынын ыкчам тобу иш жүргүзүүдө.Орусиянын атайын кызматынын өкүлдөрү адистерди даярдоо, алардын тажрыйбаларын арттыруу үчүн жардам берип, кеп-кеңештери менен бөлүшүүдө.

Ошол эле маалда Манилов орус аскерлерин тажик-ооган чек арасын кайтарууга кайрадан тартуу маселеси күн тартибинде жок экенин айтты.

Чек араларды бекемдөө багытында Кыргызстанга дажардам көрсөтүлүүдө.

Азыр КМШ өлкөлөрүнүн Ооганстан менен чектеш жерлеринде 4,5 миңге жакын согушкерлер топтолгону тууралуу маалымат бар. Маниловдун айтымында, алардын жер которуп жатканы байкалууда. НегизиненТажикстан, Түркмөнстан тарапка ооп кетишүүдө.

“Бул мамлекеттердин чек араларынбекемдөө боюнча атайын программа даярдалып чыккан”, - деди Манилов.

XS
SM
MD
LG