Ссылки доступа

Кыргызстанда кылмышкерлер качып чыккан №50 абактын мурдагы башчысы камалды


Башкы прокуратура 12-ноябрь күнү Чүйдөгү №50 абактын мурдагы башчысы Имаш Телтаевди камакка алды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин башкы көзөмөл органынан кабарлашты.

Телтаев кызматына шалакы мамилеси, өткөн айда камактан 9 киши качып кеткени жана абак кызматкерлеринин өлүмүнө жол бергени үчүн кызматтан алынган эле.

№50 абакта отурган 9 адам 12-октябрга караган түнү абактын кызматкерлерин өлтүрүп, качып кеткен. Аларды кармоо операциясы 10 күнгө уланган. Качкандардын алтоо өлүп, үчөө учурда камакта отурат.

XS
SM
MD
LG