Ссылки доступа

Тажикстандын Муминабад аймагында жардыруудан 2 бир тууган каза болду


Тажикстандын Муминабад аймагынын Шулулу айылында жардыруудан2 бир тууган каза болду. Жамшед жана Курбон Назаровдор 32 жана 49 жашта болчу.

Ички иштер министрлиги кабарлагандай, окуя иликтенип жатат. Азырынча жардыруучу зат айылда кайдан пайда болгону белгисиз.

Муминабад районунун Балхоби жамаатынын башчысы Гаффор Шарифов маалымдагандай, бир туугандар трактор айдашчу.Алар унааны оңдоп жардыруучузат жарылган.

Кээ бир айыл тургундардын айтымында, алар коркунучтуу затты трактордун ичинде бир жылдан бери кармап жүрүшкөн.

Жарылган зат БТРдин чирип кеткен патрону болушу мүмкүн. Аны жарандар унааны оңдогонго да колдонушкан.

Райондук ИИМдин башчысы Жафарзода Хайриддиндин айтымында, жардыруучу зат тракторго тийгенде жарылган.

Мындай окуя биринчи жолу болгон жок. Жамааттын аймагында “Мумирак” орус аскер базасынын машыгуу талаасы жайгашкан. Мурда дагы балдар каза болуп, жаракат алышкан.

Расмий маалыматка ылайык, акыркы 10 жылда жардыруу заттардын айынан 4 адам каза болуп, 8 адам жаракат алган.

XS
SM
MD
LG