Ссылки доступа

Өкмөт башчы коопсуздук чараларын күчөтүүнү тапшырды


Премьер-министр Темир Сариев 14-ноябрда күч түзүмдөрүнүн башчылары менен жыйын өткөрдү.

Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов кабарлады. Анын айтымында, Сариев Франциядагы терактка байланыштуу өлкөдө коопсуздук чараларын күчөтүүнү тапшырды. Эл көп болгон ири соода борборлорун жана социалдык объектилердин коопсуздугуна көңүл буруп, калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

13-ноябрдын кечиндеги Париждин бир нече жериндеги куралдуу кол салуу, жардыруулардан 129 адам каза болду. 300дөн ашуун адам жараат алды. Өкмөт башчы Темир Сариев бул окуяга байланыштуу пикирин билдирип, өлкө коопсуздугун сактоо үчүн биримдик керектигин жана тартипти күчөтүү зарылдыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG