Ссылки доступа

Франция Ракка шаарындагы согушкерлерге абадан чабуул коюуда


Француз аба күчтөрү Сириядагы өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топ көзөмөлдөгөн аймактарга сокку урду. Муну менен Париждеги 132 адамдын өмүрүн алган теракттарга жооп кайтарылууда.

Сириянын Ракка шаарындагы согушкерлердин машыгуу лагерине, ок-дары сакталган кампасына жана башкаруу борборуна истребителдер аркылуу 20 жолу бомба ташталганын AP жана Reuter агенттиктери Франциянын коргоо министрликтерине шилтеме берүү менен кабарлашты.

Чабуул Бириккен Араб Эмираттары жана Иорданиядан АКШнын күчтөрү менен биргеликте жүзөгө ашырылган.

Франциялык жана Белгиялык из кубарлар 132 адам мерт кетип, 350дөн ашык киши жаракат алган теракттарды уюштурган үч жанкечтинин ким экенин аныктады. Алардын шериктерин издөө уланууда. Жанкечтилердин биринин бир тууганы, жардырууларга катышы бар деп шектелип жаткан Абдеслам Салага издөө жарыяланды. Теракттарды ишке ашыруу маалында согушкерлер колдонгон эки автоунаа табылды.

XS
SM
MD
LG