Ссылки доступа

"Чоң жыйырманын" лидерлери Түркияда терроризмге каршы күрөшүү маселесин да талкуулашат


"Чоң жыйырманын" лидерлери Түркиянын түштүгүндөгү Белек курортундагы кезектеги саммитте экономикадан тышкары, терроризмге каршы күрөш маселелерине басым жасашат.

Жолугушуу Париждеги кандуу чабуулдарга тушташ өткөрүлүп жатат. Кан төгүүлөргө байланыштуу жыйындын урматына уюштурулган концерт жана башка иш-чаралар өтпөй турган болду.

Президент Барак Обама АКШ ал кыянатчыларды табууга Францияга жардам берерин билдирди. Саммиттин алдында Обама менен биргелешкен маалымат жыйынында түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган терроризмге каршы олуттуу чараларды көрүү тууралуу сөз болорун айтты.

Саммитке Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин да катышууда. Ал терроризм коркунучуна туруштук берүү үчүн эл аралык коомчулук биригүүгө тийиш экенин жарыялады.

Орус жана Америка президенттери кыска мөөнөттө бейрасмий сүйлөшүп, Сирия менен Украинадагы кылдаалды жөнгө салуу жолдорун ортого салышты. Тараптар Сириядагы согушту токтотуу зарылдыгын, БУУнун алкагында эки жаат болуп салгылашып жаткандарды сүйлөшүүгө чакыруу зарылдыгын бир ооздон белгилешти. Эки мамлекет башчылары сентябрдын аягында Орусия Сириядагы аскердик операцияларды баштагандан бери биринчи жолу жолугушту.

XS
SM
MD
LG