Ссылки доступа

Назарбаев Париждеги теракттарга байланыштуу Францияга көңүл айтты


Казак президенти Нурсултан Назарбаев Астанадагы француз элчилигине барып, өткөн жумадагы аткылоо жана жардырууларда мерт кеткендердин жакындарынын, француз элинин аза кайгысын тең бөлүшө турганын көңүл айтуу китебине жазды. Бул тууралууКазакстан президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ишембиде Назарбаев Париждеги кан төгүүлөргө байланыштуу Франция президенти Франсуа Олландга көнүл айтуу катын жолдогон.

Париждин бир нече районунда 13-ноябрда болгон кол салуу жана жардырууларда кеминде 132 адамдын өмүрү кыйылды. 350дөн ашыгы жараат алды. Бул кандуу окуя 2004-жылы Мадридде уюштурулган жардыруудан кийинки Батыштагы чоң теракт болуп калды.Кандуу окуялар үчүн жоопкерчиликти өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террористтик топ алды.

XS
SM
MD
LG