Ссылки доступа

Өзбекстандык качкын Париждеги окуялар тууралуу айтып берди


Төрт жылдан бери Парижде жашап жүргөн 28 жаштагы өзбекстандык качкын Турабек Сано “Батаклан” театрында болгон теракттын күбөсү болгон.

Анын айтымында, ок атылып баштаганда, ал досу менен театрдын жанындагы кафеде олтурган.

“Биринчиызы-чуу уктум. Ал кайра-кайра кайталана берди. Ананатышуу болуп жатканын түшүндүк. Кафенин кардарлары тынчсызданып, баары коопсузжер издей башташты. Официанттар музыканы өчүрүп, кафенин ичиндегилерар кайсы бурчтарга жашына башташты. Мен дагы коопсузжерге өттүм. Эмне болуп жатканын эч кимибиз түшүнгөн жокпуз”, - дейт Турабек Сано.

«Батаклан» концерртик залында13-ноябрда террордук кол салууболгон.ММКардын маалыматына ылайык, андагы окуяда 100 адам каза тапты. Теракттар үчүн “Ислам мамлекетинин” согушкерлери жоопкерчилик алды.

XS
SM
MD
LG