Ссылки доступа

Кыргызстандык туроператорлор Лондондон ийгиликтүү кайтты


Кыргызстандык 4 туристтик компаниянын өкүлдөрү “World Travel Market” (WTM) көргөзмөсүндө катышып келишти. Бул иш-чара жыл сайын Лондондо өтөт.

Кыргызстандагы АКШ элчилиги билдиргендей, Кыргыз туроператорлор бирлиги (КАТО) болочокто кызматташа турган өнөктөштөр менен жолугушуп, эл аралык туристтердин үмүттөрү тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле дүйнөлүк рынок менен таанышып, Европадагы бир нече өнөктөштөр менен келишимдерге кол коюлду.

“Биз чет элдик компаниялар менен кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу макулдаштык. Алар Кыргызстанды Европадагы туристтерди тейлөө базасына киргизишти”, - деди көргөзмөнүн катышуучусу Алия Кыдырмаева.

Кыргыз туроператорлор бирлигинин мүчөлөрү - «NoviNomad Travel Company», «Tien-Shan Travel», «Edelweiss» жана «Аксай Трэвел» туристтик компаниялары Лондондогу көргөзмө ийгиликтүү болгонун маалымдашты.

XS
SM
MD
LG