Ссылки доступа

Кыргыз тасмасынын калыптанганына 74 жыл толду


Бүгүн кыргыз кино күнүнө жана белгилүү кинорежиссер Төлөмүш Океевдин 80 жылдыгына карата Бишкектеги “Манас” кинотеатрында маданий иш-чаралар өтөт.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлагандай, ага бийлик өкүлдөрү да катышып, кино тармагында ийгиликке жетишкендерге ардак наамдар ыйгарылат жана сыйлыктар тапшырылат.

1941-жылы 17-ноябрда Фрунзе шаарында кинохроника студиясы түзүлгөн. Андан бери бул дата Кыргыз киносунун күнү катары белгиленип келет.

XS
SM
MD
LG