Ссылки доступа

Дүйнөлүк Банк: Тажикстанда экономикалык өсүш 4,2 пайызга кыскарды


Быйыл Тажикстандагы экономикалык өсүштүн начарлашына мигранттар которгон акчанын азайышы себеп болду.

Ошондой эле өлкөнүн башкы экспорттук каражаты - пахта менен алюминий баасынын арзандашы да терс таасир эткенин Дүйнөлүк Банктын өкүлү Патриция Виверс-Картер 17-ноябрда Дүйшөмбүдө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусунда, эмгек мигранттары которгон каражаттар Тажикстандагы көпчүлүк үй-бүлөлөрдүн негизги жашоо булагы болуп эсептелинет. Анын көлөмүнүн азайышы менен бийликтин жакырчылыкты жоюу аракеттеринен майнап чыкпашы ыктымал.

Мындай экономикалык кыйын кезеңде Дүйнөлүк Банк тажик бийлигине ишкердикти өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарын түзүүнү сунуштоодо.

Тажикстандын Улуттук Банкынын маалыматы боюнча, быйылмигранттардан 289 миллион доллар акча которулган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 42,4 пайызга аз.

XS
SM
MD
LG