Ссылки доступа

Карзай Тажикстан менен чек арада 1300 согушкер бар экенин эскертти


Тышкы иштер Ооганстандын министринин орун басары Хикмат Халил Карзай быйылкы жылдын сентябрында Кундуз провинциясына кол салууга 1300дөн ашуун чет элдик согушкер катышканын билдирди.Анын айтуусунда, алар Пакистан, Тажикстан, Кытай жана башка мамлекеттерден келишкен.

"Аль-Каида", "Ислам мамлекети", "Чыгыш Түркистан Ислам кыймылы", "Өзбекстан Ислам кыймылы" радикал уюмдарынын мүчөлөрү.

Сентябрдын этегинде "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Тажикстан менен чектеш Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз шаарын басып алган. Өкмөттүк күчтөр НАТО жана АКШнын жардамы менен калааны бир нече күндөн кийин гана бошоткон.

Ооганстандын мурдагы президенти Хамид Карзайдын бир тууганы Хикмат Карзай, аймактагы башка мамлекеттерди согушкерлерден туулган коркунучка каршы күрөшүүдө Кабулга жардам берүүгө чакырды.

Өнөктүк «Мигранттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн маселелерин чечүүдө Коомдук кеңештердин ролун жогорулатуу" долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат. Аны "Интербилим" коомдук уюму, ISEDA, "Инсан Лейлек" жана "Мехр Шавкат" коомдук фонддору уюштурууда.

XS
SM
MD
LG