Ссылки доступа

Казакстанда күйүүчү майга болгон акциз өлчөмү көтөрүлөт


Казакстанда күйүүчү майга болгон акциз4,5-5 миңден 10,5-11 миң теңгеге чейин жогорулайт.

Бул тууралуу өкмөттүн буйругунда жазылган. Жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлагандай, буйрук 25-ноябрдан тарта күчүнө кирет.

Документке ылайык, эми күйүүчү майды көп өлчөмдө саткандар үчүн акциздын баасы 10,5 миң теңгеден айланат. Ал эми өз муктаждыгына колдонгондор үчүн 11 миң тенге болот.

4-сентябрдан тарта казак өкмөтү таңсыктыкка жол бербөө максатында, АИ-92, 93 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын баасын көзөмөлдөөдөн баш тарткан.

XS
SM
MD
LG