Ссылки доступа

Олланд Обама жана Путин менен кийинки жумада жолугушат


Франциянын башчысы Франсуа Олланд бул айдын этегине чейин Орусия, АКШ лидерлери менен жолугушат. Алар эл аралык кызматташууну күчөтүү, Сириядагы кырдаалжана “Ислам мамлекетине” каршы туруу маселелерин талкуулашат.

24-ноябрда Олланд Вашингтондо Барак Обама менен, 26-ноябрда Москвада Путин менен кезигет.

Париждеги теракттардан кийин 16-ноябрда Олланд парламент мүчөлөрүнүн алдында сөз сүйлөп, Сирияда экстремисттерге каршы бирдиктүү коалиция түзүүнү сунуштаган. Анын айтымында, жакынкы убакытта ушул маселе боюнча АКШ, Орусия башчылары менен талкуулар жүрөт.

Кечээ Кремлдин басма сөз кызматы Путин менен Олланд телефон аркылуу баарлашып, “Ислам мамлекетине” каршы биргелешип күрөшүүнү макулдашканын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG