Ссылки доступа

Чехия башчысы мусулмандарга каршы акцияга катышты (видео)


Чехия президенти Милош Земан “Исламга каршы блок” аттуу топ уюштурган каршылык акцияга катышты.

17-ноябрда өткөн митинг Бархат революциясынын 26 жылдык мааракесине арналган. Ушул күнү Чехословакияда коммунисттик режим кулаган.

Прагада бир нече миң адамдардын астында сүйлөп жатып, Земан мусулмандарга каршы чыккан топтун мүчөлөрү экстремисттер эмес деп айтты. Өлкө башчысыкиши өлтүргүчтөргө тиешеси бар иммигранттарга каршы экенин билдирди.

Каршылык акциясы студенттер шаарчасында өттү. Бул жерде 1989-жылы коммунисттерге каршы революция башталган. Катышуучулар Парижде болгон окуялардын Прагада кайталанышын каалабай турганын жарыялашты.

Ошол эле маалда шаардагы дагы бир аймакта Чехияга качкындарды кабыл алууну колдогондор да митингге чыгышты.

Батыштагы башка мамлекеттерге салыштырмалуу Чехиядан башпаанек алган качкындардын саны аз.

XS
SM
MD
LG