Ссылки доступа

Тажик депутаттарынын жарымы кант илдетинен жабыркайт


Тажик парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы Шукуржон Зухуров кант оорусунан жапа чеккендер акысыз дарыланышы керектигин билдирди.

Ал 18-ноябрда өлкөнүн каржы министри АбдусаломКурбониён депутаттардын суроолоруна жооп берген учурда бейтаптар үчүн дары-дармекке мамлекеттик казынадан каражат бөлүүнү сунуштады.

Төраганын айтуусунда, мажилистин өкүлдөрүнүн жарымы да кант диабетине чалдыккан.

Тажикстанда бул илдет менен 34 миң адам катталган. Алар инсулинге муктаж.Өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Насимжон Олимовдун билдирүүсүндө, бул каражатты сатып алуу үчүн 5 миллион сомони керектелет.

XS
SM
MD
LG