Ссылки доступа

Париждетеррорчу деп шектелген дагы 3 адам кармалды


Париждин Сен-Дени районунда рейд убагында 13-ноябрдагы теракттарга тиешелүү деп шектелген 3 адам кармалды.

Франс-Пресс агентиги маалымдагандай, дагы үчөө, анын арасында жанкечти мерт болушту. Үч полиция кызматкери жараат алышты.

Бүгүн эртең менен полиция бир үйдү курчоого алды. Батирлердин биринде шектүү адам бекинип алган. Райондо атышуулар, жардырууларын үнү угулуп жатканын, абада вертолет учуп жүргөнүн француз ММКлары маалымдашты.

Атыйын операцияга аскерлер дагы тартылган.Башкы максат -теракттардын уюштуруучусу Абделхамид Абаудду кармоо.

13-ноябрда Париждеги концерттик зал, бар, ресторан жана стадиондогу террордук чабуулдардан, кол салуулардан кеминде 129 киши каза таап, жүздөгөн адамдар жараат алган. Бул террордук кол салууларга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу алган. Өзүн-өзү жардырган 7 террорчунун бешөө ким экени аныкталды.

XS
SM
MD
LG