Ссылки доступа

Кыргызстанда жер титиреди


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 17-ноябрда түнкү саат 23:29 Кыргызстанда жер силкинди.

Термелүүнүн очогу Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ийрек айылынан он чакырым батышта жайгашып, ал жердеги зилзаланын күчү 5-7 баллга жеткен. Ош шаарында 4,5 балл сезилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 17-ноябрда түндө жер титирөө экинчи жолу кайталанды. Анын очогу да Кара-Суу районунда орун алып, күчү 4-4,5 баллга жеткен. Жер-жерлерде жарандык коргонуу комиссиялары иштеп жатат. Бишкекте жер титирөөнүн күчү 3-3,5 баллга жеткени маалымдалды.

Күчү 4 баллга жеткен жер силкинүү бүгүн күндүз саат 11 жарымга жакын да кайталанды. Анын очогу Ош шаарынан 35 чакырым алыстагы аймакта орун алды.

XS
SM
MD
LG