Тажик тышкы иштер министри Абдусалом Курбониён 18-ноябрда парламентте кийинки жылдын бюджетин талкуулоо учурунда алдыда 216 миллион доллар карыз алынарын билдирди. 2017-жылы271 миллион, 2018-жылы 104 миллион доллар алуу максаты бар.
Тышкы иштер министринин айтуусунда, бул каражаттар жеңилдетилгеннасыя түрүндө жылына 0,15 пайыздан 2 пайызга чейинки үстөк менен 15-40 жылга берилет.
Тажик парламентинин экономика жана каржы комитетинин башчысы Шариф Рахимзода өнөктөш мамлекеттердин учурдагы абалын эске алганда, кийинки жылы бюджетти аткаруу кыйын болорун айтты.
Шаршембиде 2016-жылга карата бюджет долбоорун парламенттин төмөнкү палатасы колдоду.