Ссылки доступа

ЕФАБ Париждеги окуялардан улам оюндарды токтотпойт


Европалык футбол ассоциациялардын биримдиги (ЕФАБ)кийинки жумага белгиленген чемпиондор Лигасын жана Европа Лигаларынын оюндарын токтотпойт.

“Баардык матчтар өз убагында өтөт.Коопсуздук жана тартипти сактоо үчүн катуу эрежелерди колдонулат. Уюм клубдар жана жергиликтүү бийликтер менен ушул маселелердин алкагында иштеп жатат. ЕФАБ футбол күйөрмандарга кандайдыр бир катаал эрежелерди киргизген жок. Мындай чечимдерди жергиликтүү бийликтер кабыл алышат”, - деп маалымдашты уюмдун өкүлдөрү.

Бир нече кун мурун Ганноверде стадиондо коркунучтуу зат табылгандан кийин Германия менен Голландиянын ортосундагы таймаштар болбой калган. Андан кийин Бельгия менен ИспаниянынБрюсселдегибеттеши да артка жылган эле.

XS
SM
MD
LG