Ссылки доступа

"Ислам мамлекети" тобу чет элдик эки туткун өлтүрүлгөнүн жарыялады


Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган террордук топ барымтага алынган Норвегия менен Кытайдын жараны өлүм жазага тартылганын билдирди.

Согушкерлерге таандык “Dabiq” басылмасында 18-ноябрда мерт кеткен туткундардын сүрөтү жарык көрдү. Алар – Норвегия жараны Оле Йохан Гримсгорд-Офстад жана кытайлык Фан Цзинхуэй экени жазылган. Бирок эки адамдын кантип, качан жок кылынганы тууралуу маалымат жок.Сүрөттөрдөн улам алардын чын эле өлтүрүлгөнү айтылууда.

Норвегиянын премьер-министри Эрна Сольберг бул адамдар мыкаачылыкка кабылганына күмөн жок экенин билдирип, согушкерлердин аракетин “жексурлук, жырткычтык” деп атады. Кытайдын тышкы иштер министрлиги террордук уюмга “ыймансыз” деген баа берди.

Буга чейин “Dabiq” басылмасынын сентябрда чыккан санында, норвегиялык жана кытайлык жаран сатылары жарыяланган жарнама басылган эле.

XS
SM
MD
LG